Нарында салык төлөбөй иш алып барган компания кармалды

  06.05.13   10:31
 253

Нарын облусундагы таш көмүр өндүрүүчү "Нарк-Тоо" компаниясынын мыйзам бузуу фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган компания 2009-жылдан бери республиканын аймагында таш көмүр казуу багыты боюнча иш алып барып келген, бирок бир дагы жолу мамлекеттин бюджетине салык төлөгөн эмес. Нарын облустук салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, компаниянын бюджетке алып келген жалпы чыгымы 1 млн сомду түзгөн.

2013-жылдын 2-майында УКМК тарабынан компанияга карата "Мүлктү мекчиктештирип алуу же аны ыксыз коротуу", "Жеке ишкананын салык жана милдеттүү камсыздандыруу взносторунан баш тартуусу", "Коммерциялык жана башка уюмдарды иштетүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иши жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223602

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.