Кыйраган учакка байланыштуу иш ИИМдин иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди

  06.05.13   11:16
 260

АКШнын кыйраган учагына байланыштуу иш ИИМдин иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул туулалуу "ВБ"га бүгүн, 6-майда Унаа прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура бул окуяга байланыштуу "Темир жол, аба же суу транспортун эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу жана этиятсыздыктан улам бир нече адам өлүмүнө алып келүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча материалдар ИИМдин иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

"Иш эмнеге ИИМдин иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилгендиги тууралуу биздин маалыматыбыз жок. Буга чейин мындай болчу эмес ", - деп билдирет ведомстводон.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей, аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223605

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.