Соттук медициналык эксперттер учкучтардын сөөгүн текшерүүгө алууга даяр

  06.05.13   11:23
 263

Республикалык соттук медициналык экспертиза бюросунун адистери көрсөтмө алаары менен АКШнын кыйроого кабылган учагынан табылган учкучтардын денесинин калдыктарын текшерүүгө алууга даяр. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри жана бул окуяны иликтөө бпюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Динара Сагынбаева билдирди.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей, аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223606

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.