"Достор" бешке чыгыптыр

Жакында май айынын алгачкы күндөрү "Достор" ырчылар тобунун театралдаштырылган концерти болуп өттү.
  06.05.13   11:57
 455

Бул топ кыргыздын кыйырына таанымал болуп калган булбул үндүү Айчүрөк Султанова, Гүлзат Байзакова, Жайнагүл Калчаева, Салима Балтаева, Нуриса Абазова, Гүлбүбү Орозкул кызы сыяктуу ырчылардан түзүлгөн.

Таланттуу алты айым эненин коомдогу ролун чагылдырып, сахнага Умай эне чыгып, кыргыздын унутулуп бара жаткан кыргыздын каада салтын көргөзүп, бешикте төрөлгөн кызга бата берип, "Балама" деген ыр менен той башталды. Андан кийин "Селкинчек", "Кыздар ай" аттуу кыздарды, айымдарды даңазалаган ырларды созушту. Бешиктеги кыз бир жашка чыгып, тушоо той, андан кийин бешке чыгып, өнөрү чыккан секелек кыздын образын көргөзүштү. Концерттин үчүнчү бөлүгүнө чейин "Умай эне", "Бугу энелер" бата берип, ак элечекчен апалар сахнада жүрүштү. Бул театралдаштырылган концертти "Дем" театрынын жигиттери коштоп турушту. Концертке келген эл кыргыздын улуттук кооз кийимдерин кийип, кулпурган сулуу айымдардын келбетин көрүп, тамшанып кетишти. Атүгүл концерт мындан узак болсо да тажамак эмеспиз деп кеткилери келбей турушту.

Жалаң айымдардан турган "Достор" тобунун түзүлгөнүнө беш жыл толуптур. 21- апрелден тарта түштүк аймакты түрө кыдырып, концерт коюп келген айымдар, эми түндүккө барып, жазгы талаачылыкта жүргөн элдин көңүлүн көтөрүп келүү пландары бар экенин кабарлашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223607

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.