Кыргызстандыктардын жарымынан көбү советтик паспортту жаңыга алмаштырды

  06.05.13   11:46
 253

2012-жылдын 1-январына карата 1974-жылкы үлгүдөгү советтик паспорт алгандардын саны 26 416 киши болчу. Өткөн жылы 16 773 киши жаңы үлгүдөгү паспорт алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан (МКК) "ВБ"га билдиришти.

Ошондой эле өткөн жылы 299 403 кыргызстандык 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун алмаштыруусу керек болгон. 12 айдан кийин алардын 227 469у жаңы паспорт алышкан.

Бир жыл ичинде Кыргызстандын жарандарына 508 628 ID-карт жана 255 218 жалпы жарандык паспорт (чет жакка чыгуу үчүн берилчү паспорт) берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223608

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.