Жол кырсыгынан 3 адам каза болду

  06.05.13   12:10
 285

Ишемби, 4-май күнү саат таңкы алтылар чамасында Чүй районунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы Бишкектин тургуну "Ниссан-Сефиро" автоунаасы менен Бишкек -Торугарт айланма жолунун 52 чакырымында бара жатып, Балыкчы шаарынын тургуну башкарып келе жаткан "Мерседес-Бенц" унаасы менен сүзүшкөн.

Анын кесепетинен "Ниссан" автоунаасынын айдоочусу жана аны менен келе жаткан 34 жаштагы эки жүргүнчү кырсык болгон жерден жан беришкен.

Ошондой эле "Мерседес" автоунаасынын айдоочусу дагы оор жарат алып, ооруканага жеткирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223611

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.