Булак: Батукаев орусиянын паспортун алды жана Москвага барууга камынууда

Булактардын берген маалыматына ылайык, жакында эле Батукаевдин аялы Бишкектен Грозныйга учуп кетти.
  06.05.13   12:12
 306

Криминалдык авторитет Азиз Батукаев орусиянын паспортyн алды жана жакынкы күндөрү Москвага келүүнү пландап атат. Бул тууралуу Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссиядагы жеке булак "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Батукаевдин аялы Евгения Тарасова да Грозныйга учуп кеткен. Ал документтеринен улам күйөөсү менен бирге учуп кете алган эмес.

Эскертсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаев 9-апрелде Нарындагы №4 убактылуу кармоо жайынан кандын рак оорусуна чалдыкты деген корутунду менен бошотулган болчу. Ал ошол эле күнү туугандары менен чартердик каттам аркылуу Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223613

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.