Кылмышкер Кемин районунун 49 жаштагы тургунун зордуктап кеткен

  06.05.13   13:01
 239

Кылмышкер Кемин районунун 49 жаштагы тургунун зордуктап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга өткөн жуманын соңунда жабырланган адам аны Эркин аттуу жигит зордуктап кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Ошондой эле ал ур токмокко алынып, оор жарат алгандыктан аймактык ооруканага жаткырылган.

Кемин райондук ИИБдин кызматкерлери бул кылмыш боюнча 35-жаштагы жергиликтүү тургунду колго түшүрүшкөн.

Бул иш боюнча соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223616

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.