Вашингтондун арбитражы КРнын өкмөтүнө каршы жазылган доо арызды кабыл алды

Инвесторлор Кыргызстандын өкмөтүнө доо арыз бергенин эскертишти
  06.05.13   13:05
 287

Вашингтондогу Инвестициялык чатактарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор "Жерүйалтын" жабык акционердик коомунун 60 пайыз акциясына ээ Visor Holding компаниясынын Кыргызстандын өкмөтүнөн 400 млн доллар доолаган арызын кабыл алды. Сот процесси ишке кирди. Бул тууралуу "ВБ"га компаниянын өкүлдөрү маалымдашты.

Уюм эл аралык сотто республикадагы ири кен болгон Жерүй алтын кенин иштетип чыгууга уруксат берүүнү жоюп салган 2010-жылдагы өкмөттүн чечимин жокко чыгарууга ниеттенип жатат.

Маалыматка таянсак, инвесторлор өкмөткө доо арыз бергени жөнүндө эскертүү беришти. Ал өткөн жылы эле сотко берүү тууралуу ниетин айткан болчу.

Visor Holding компаниясынын доо арызына байланыштуу Эл аралык арбитраж боюнча юстиция министрлиги март айында өкмөткө казак инвестициялык компаниясы менен мүмкүн болчу соттук процессте кызыкчылыгын коргош үчүн юридикалык компанияны издей берүүгө сунушу берген болчу.

Эскерте кетсек, өкмөт үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жерүй кенин иштетүү укугуна лицензия берүү боюнча конкурс жарыялаган. Сооданын шарты боюнча болочоктогу кен иштетүүчү соттук чатак боюнча баардык милдеттери өзүнө алышы керек.

Белгилей кетсек, Жерүй кени "Кумтөрдөн" кийин алтындын кору боюнча ( 81 тонна) экинчи орунда турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223617

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.