Кыргызстандыктар бир нече телефон же SIM-карта колдонушат

  06.05.13   13:10
 247

Кыргызстандын ар бир жараны бир катар уюлдук операторлордун кызматынан пайдаланышат же бир нече SIM-карта колдонушат. Бул тууралуу маалымат 2012-жылдагы өкмөттүн отчетунда белгилүү болду.

Кыргызстанда 5,8 млн адам бар болсо, өткөн 2012-жылы уюлдук байланыштардын абоненттеринин саны 6 млн 324,7 миң адамга жеткен.

2012-жылдагы байланыш тейлөөсүнүн рыногунун көлөмү 21,3 млрд сомду түздү.

Ошол эле маалда стационардык телефонду колдонуучу абоненттердин саны болгону 493 миң адам болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда уюлдук байланышынын үч ири оператору иштейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223622

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.