Атамбаев АКШ президентине учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

  06.05.13   13:12
 340

Бүгүн, 6-майында, президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Бишкектен анча алыс эмес жерде Транзиттик жүк ташуучу борбордун май куюучу учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анда мындай деп белгиленет:

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан борборубуз Бишкектен анча алыс эмес жерде Транзиттик жүк ташуучу борбордун май куюучу учагынын кыйрашына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтууга руксат этиңиз.

Каза тапкан учкучтардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм",-дейт президент.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223623

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.