Марс Сариев: Учактын кулаганын ТЖБ өз максатына пайдаланууга аракет кылып жатат

  06.05.13   13:34
 326

Транзиттик жүк ташуу борборунун (ТЖБ) учагынын кыйроого учурашы бул кокустан болгон окуя, бирок аны россиялык дагы, америкалык дагы тарап өз максаты үчүн пайдаланышы ыктымал. Мындай пикирин бүгүн, 6-майда, саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Бирок ошол эле маалда ал аба базасы тууралуу сурак бул жерде чечилбей турганын айтты.

"АКШнын мамлекеттик катчы Джон Керри кызматка киришкени алгачкы жолу Россияга жумушчу сапары менен барат жана президент Владимир Путин менен жолугушат. Базанын айланасындагы жагдай ушул иш сапардан көз каранды",- деп билдирди серепчи.

Ал баары күтүп калганын белгилейт: Кыргызстанда акыркы учурда Американы колдогон, же болбосо Россияны жактаган активдүүлүк байкалган жок.

"Баарын эл эмес элита чечип жатат. Учактын кулашы мындай жагдайда ар кандай чечмеленет",- деп эсептейт Сариев. Анын айтымында, жолугушууда Керри менен Путин база боюнча соодалашмакчы.

Эскерте кетсек, 3-майда Чүй областынын Чалдыбар айылына жакын жерде ТБЖнын учагы кырсыкка учурган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223626

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.