Учак кыйраган жер курчоого алынып, тыюу салынды

  06.05.13   14:01
 287

Укук коргоочулар тарабынан учак кыйраган жер курчоого алынып, башкалардын ал жакка келүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда, журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда унаа жана байланыш министри Калыкбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, учак кулап түшкөн жерде иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн аны окуя болгон күнү эле курчоого алышкан.

"Кыйроонун себептери аныкталмайын иликтөө иштерин жүргүзүү улана берет", - деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223629

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.