"Залкар Банкты" Россиянын "Инвестициялык соода бизнес-холдингине" сатышты

ААКтын 90 пайыз акциясын сатып алуу- сатуу боюнча келишимди ДЕБРА россиялык холдинг менен түздү
  06.05.13   13:55
 357

3-майда ДЕБРА менен Россиянын "Инвестициялык соода бизнес-холдинги" ачык акционердик коомунун (ААК) ортосунда "Залкар Банк" ААКнын 90 пайыз акциясын сатып-алуу сатуу жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда, Банктарды кайра түзүү жана реструктуризациялоо агенттиги (ДЕБРА) маалымдады.

Маалыматка таянсак, 30-апрелде "Инвестициялык соода бизнес-холдинги" ААКы Кыргызстандын Улуттук банкынан "Залкар Банктын" акцияларын алууга уруксат алган.

"Залкар Банк" ААКын сатуудан түшкөн каражат АУБдун насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын аткарууга багытталат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2013-жылы 27-фералда "Залкар Банк" ААКнын акцияларын Кыргыз фондулук биржасы тарабынан бөлүп сатууга чечим чыгарган.

22-23-апрелде Москвада өткөн 15-жыйында кыргыз-россиялык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссия кыргыз тарапка банктын 90 пайыз акциясын "Инвестициялык соода бизнес-холдинги" ААКына жана 10 пайыз акциясын Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фондуна өткөрүү жөнүндө тапшырма берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223630

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.