Топ-лига: "Нефтчи" менен "Алай" старттык матчтарында эсеп ача алышкан жок

  06.05.13   13:55
 262

Өткөн дем алыш күндөрү республиканын түштүк аймагында, топ-лига командалары арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү. Биринчи матчта 2010-жылдын чемпиону кочкор-аталык "Нефтчи" өзүндө канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алып, 90 мүнөт ичинде бири да башканын дарбазасына топ киргизе алган жок. Матч 0:0 эсеби менен аяктады.

Экинчи матчта оштук "Алай" менен нарындык "Ала-Тоо" дагы 1:1 эсеби менен ойноп, жеңүүчү аныкталган жок.

Эске салсак, 1-майда Кыргызстандагы топ-лига чемпионаты "Дордой"-"ФЦ-95" тин матчы менен башталган. "Дордой" жообу кайтарылбаган 4 топ киргизгенге жетишкен.

Кийинки матчтар 7-майда өтөт. "Алай" Ошто "Абдыш-Ата" менен күч сынашса, "Нефтчи" "Ала-Тоо" менен Кочкор-Атада ойношот.Ал эми Бишкекте "Алга" менен "ФЦ-95" беттешет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223631

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.