"Ала-Тоо" ресторанындагы музыканын катуулугуна жарандар арызданышууда

  06.05.13   14:07
 255

Бүгүн, 6-майда, Бишкектин 10-кичи районунун жашоочусу Жамиля Казиева "Ала-Тоо" жайкы ресторанынын администриациясы музыка коюунун талаптарын бузуп атканын "ВБ"га айтып берди.

"Кечээ ресторандын жайкы аянтынын ачылыш салтанаты болду. Музыка болушунча катуу коюлду. Аны 22-00дө өчүрүштү. Бирок саат 10го чейин үйдүн терезелери сынып кетейин деп турду. Биз эмне үчүн буга чыдап турушубуз керек? Музыканын катуулугун калыпка салган нормалар бар да",- дейт ал.

Казиева Бишкек мэри Иса Өмүркуловго арыз менен кайрылганын билдирди. Ошондой эле расмий түрдө Биринчи Май райондук администрациясына да кайрылган.

Өз кезегинде "Ала-Тоо" ресторанынын PR-менеджери Айбек Мамадалиев жайкы аянттын ачылышы кечээ эмес, 1-майда болгонун жана кичи райондун тургундарынан арыз түшбөгөнүн айтат.

"Ачылышы 1-майда болгон. Талап кылынгандай саат 22:00дө музыканы өчүрдүк. Ал эми музыканын катуулугу тууралуу айта турган болсок, биз талап кылынган нормаларды сактайбыз. Саат 22-00дөн кийин да музыка коюлат. Бирок өтө акырын",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223632

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.