Воробьев Орус драма театрын куткаруу планын сунуштады

  06.05.13   14:07
 219

Маданият министри тарабынан кызматынан бошотулган Орус драма театрынын экс-директору Борис Воробьев бир нече күндө театрды калыбына келтирүү планын сунуштап жатат. Өзүн учурда жеке продюссер деп атап жаткан Воробьев Ч.Айтматов атындагы улуттук орус драма театрын өзүн өзү каржылоого өткөрүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, базар карым-катнашта өзүн жоготпогон "Россия", "Октябрь", "Манас", "Ала-Тоо" кинотеатрларын мисал келтирсе болот. Ал эми, андан башка 20 мамлекеттик театрлар, өкмөттүн казынасы үчүн миллиард сом менен өлчөнгөн жыртык чөнтөк.

Театрдын мурунку жетекчиси, орус драма театрын 2013-жылдын 1-июнунан тарта өзүн өзү каржылоого өткөрсө, 13 млн сом үнөмдөлөөрүн билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223633

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.