Ошто өткөн ишембиликке жарым миллион адам катышты

  06.05.13   14:22
 241

Ошто санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн өткөн ишембиликке 560 миң жаран катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 38 миң бак акталып, 6 360 миң көчөт отургузулуп, 200 чакырым арык тазаланып, 6 тонна таштанды чыгарылгын.

Жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө эмгектик жамааттар жана аймактык кеңештер катышкан. Ал эми көчөттөр жана уруктар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жетиштүү каражат бөлүнгөн.

Шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов мындай иш-чараларды тез-тезден өткөрүп туруу маанилүү экендигин билдирди. Эки айлыктан кийин медициналык жайлар жана көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда өтөкөн "эң таза көчө" конкурсунун жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылат. Сынактын байге фонду - 1 млн сомду түзөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223635

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.