Корчубек Изабековдун элесине арналган күрөш боюнча өспүрүмдөр турнири өттү

  06.05.13   14:24
 268

Эмгек жана спорт ардагери Корчубек Изабековдун элесине арналган эркин жана кыз-келиндер арасындагы турнир Талас шаарында өттү. Күрөш боюнча балдар спорт мектебинин билдирүүсүнө ылайык, турнирге региондон жана Бишкектен жалпы 370 өспүрүмдөр катышышты. Жаш спортчулар арасында медалдардын 11 комплектиси ойнотулду. Кыз-келиндер арасындагы мелдеш тогуз салмак категориясында өткөрүлдү.

Белгиленгендей, мелдештин негизги максаты бул "Спорт - баңгилик, аракечтик жана чылым чегүүгө каршы" урааны алдында жаш спортчулардын чеберчилигин арттыруу.

Кыздар арасында Бурулсун Эсенбай кызы, Айжан Абыкеева, Кылым Анаркулова, Саяна Байызова, Бегимай Токтогул кызы, Мээрим Жуманазаровалар алтын байгелерге татыктуу болушту.

Ал эми жигиттер арасында Марлис Кубанычбек уулу, Самаган Улан уулу, Акбар Кенжебек уулу, Бек5султан Абдинасир уулу, Талгат Тынчтыкбекеов, Сүйүнбек Кароолбек уулу, Феликс Бакытбеков, Адыл Кудайберди уулу Айбек Болотбек уулу, Тмилек шаршеев жана Талгат Аттокур уулу дегендер турнирдин жеңүүчүлөрү аталышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223637

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.