Бангладештеги исламчылар катышкан кандуу тополоң

  06.05.13   14:33
 276
 

Бангладештин борбору Даккада жекшембиде "Хифазат-и-Ислам" уюмунун ураанын чакырган жарым миллионго жакын исламчылар көчө акциясына чыгышты. Алар полиция менен кагылышып, тополоңдо он адам курман болгону, алтымыштан ашыгы жарадар экени айтылууда.

Исламчылар Дакканын кан жолдорун бөгөп, шаардын борборун ээлеп алып, полицейлерди таш менен урушту. Алар дүкөндөр менен автоунааларды өрттөгөн учурлар кездешти. Полиция жооп иретинде көздөн жаш агызуучу газ жана желим октор менен аткылады. Ошол эле учурда коргошун ок башына тийип, ооруканадан каза болгондор бар экендиги жөнүндө да маалымат чыгууда.

Нааразылык акциясына чыккандар мусулмандардын диний ишенимине шек келтиргендерге жазаны катуулатып, керек болсо өлүм жазасына тартууну талап кылышууда.

"Атеисттерди аскыла"

Дүйшөмбүдө эртең менен полициянын басма сөз кызматы күч кызматкерлери тополоң чыгаргандарды шаардын булуң-бурчунан издеп жатышканын билдирди.

Шаардын чок ортосундагы чоң мечиттин аймагы согуштан кийинки талаага айланды, бул жерде полиция аларга таш жаадырган тополоңчуларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду жана союлдарды пайдаланды.

Даккадагы Daily Star гезитинин маалыматына караганда, тополоң уюштургандар бери дегенде үч миңдей транспорт каражатын, анын ичинде автобус, микроавтобус, жүк ташыган автонааларды жалдап, демонстранттарды борбор шаарга ташып келишкен. Башкалары өз алдынча поезд менен келишкен.

Алар "Аллах акбар!" "Атеисттерди асыш керек" деген ураандарды чакырып, шаардагы негизги алты чоң жол менен өтүшкөн.

"Хифазат-и-Ислам" аял менен эркектерди шариатка ылайык бөлүп, исламдык билим берилишин талап кылып келет. Бул уюмга жан тартып кошулгандар негизинен мечит-медреседе окугандар.

Бангладеш өлкөнүн конституциясы боюнча светтик демократиялык өлкө болуп саналат, ошондуктан өкмөт"Хифазат-и-Ислам" уюмунун ислам динине акаарат келтиргендерди жазалоо жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун четке каккан.

Мусулмандар өлкөнүн калкынын 90 пайызын түзөт, калганы индустар.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223638

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.