Америкага биринчи көчүп баргандар киши жегич болушкан

  06.05.13   15:04
 452
 

Тарыхчылар Америкага биринчи көчүп баргандар 1609-жылы Жеймстаундагы ачкачылыктан кантип аман чыгышканына таң калып келишкен. Өткөн замандын сырын алар эми билишти. Он жетинчи кылымдагы адамдын сөөгүнө жасалган соттук-медициналык экспертизадан өткөн доордун жашоочулары киши жегич болушкан деген тыянак чыгууда.

Археологдор Форт-Джеймстан он төрт жаштагы кыздын сөөгүнүн калдыктарын табышты. Адамдын баш сөөгү жана тизе сөөктөрү жертөлөдөгү чуңкурга жаныбарлардын сөөктөрү жана таштандылар менен кошо көмүлгөн экен. Адам сөөктөрүн кылдаттык менен карап көргөндө көп нерсе түшүнүктүү болду.

"Бул органдын жиликтелгенине далилдер бар",- дейт Дуг Оусли, Вашингтондогу Смитсон улуттук музейинин сот антропологу.

Башкача айтканда, окумуштуулар АКШда биринчи көчүп барып жашагандардын турмушунда каннибализм болгонуна биринчи далилди табышты. Алар 1609 жана 1610-жылдары болгон ачкачылык учурунда жан талашкан адамдар өлгөн баланы тамак кылып жешкен деп эсептешүүдө.

"Баш сөөктүн арт жагында ар кандай көп сандаган чукулган жана кесилген издер бар, ошондой эле анын сол жагында тешик бар. Бул жерде анын мээсин чыгарып алуу аракети болгону көрүнүп турат",-дейт доктор Оусли.

Ошондой эле тили жана бетиндеги терилери сыйрылганын билдирген белгилер бар.

Форт-Жеймсте алгачкы көчүп баргандардын жашоосунда ачкачылык эң оор мезгил болгон. Аларды бир жагынан индейлер басып тооруп турган, тамак-аштын жетиштүү камы болгон эмес. Алар узак кышта аман калыш үчүн ит, мышык жана аттарды жеп башташкан. Акыры мындай тамак да түгөнгөн. Ачкачылыктан аман калгандар негизинен аялдар жана балдар болгон. Мисалы бир журттагы 300 адамдан элүүсү гана аман чыккан.

Алардын адам жеген каннибал болушканы тууралуу мурда ар кандай документтерде маалыматтар бар болчу, бирок кыздын сөөгү аны ырастаган биринчи илимий далил болуп калды.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223641

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.