Өзбекстан менен чегарадан жүк жана мал өткөрүү боюнча макулдашылды

  06.05.13   15:05
 246

3-майда Ала-Бука районунун Булак-Башы айылында жана Өзбекстандын Чуст районундагы Гава айылында эки мамлекеттин өлкөлөрүнүн чегара жетекчилеринин жумушчу сапары болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыштуу бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу маалында Кыргызстан менен Өзбекстандын калктуу пункттарындагы талаштуу участоктордо мамлекеттик чегараны кайтаруу, ошондой эле айрым чектерди биргелешип көзөмөлдөө боюнча актуалдуу маселелер ортого салынды.

Тараптар Чаткал районундагы "Найза-Сай" чегара бекетине Кыргызстандын аймагында унаа жолу жок болгонуна байланыштуу, Өзбекстандын аймагы аркылуу жүк жеткирүүнү макулдашты. Мындан тышкары өзбек тарап чукул кырдаал болуп кетсе аталган бекетте кыргыз чегарачыларына медициналык жардам берүүгө келишим берди.

Кыргыз тарап ошондой эле Барак айылынын жашоочуларына таандык малды жайкысын жайлоого "Ак-Таш" бекетинен эмес "Кызыл-Кия" бекетинен өткөрүү зарылдыгын айтты. Бул маселе жакын арада өзбек тарап менен чечилмекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223642

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.