"Ротофарм" Айтматованы 3 млн сомго сотко берди

Депутаттын репретин препараты тууралуу айтылган пикири ага арыз жазуунун себеби болгон. Бул иш Бишкектин Лениндик райсотунда каралат.
  06.05.13   15:02
 341

"Прецедент" өнөктөштүк тобунун берген маалыматына ылайык, "Ротофарм" депутат Ширин Айтматованы 3 млн сомго сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда, Facebook социалдык тармагындагы группанын расмий баракчасында жарыяланган. Айтматованын "Ротофарм" компаниясы тарабынан чыгарылган репретин препараты тиешелүү нормаларга туура келбейт жана аны колдуучуларга зыянын тийгизип жатат, - деген билдирүүсү ага каршы арыз жазууга себеп болгон.

"Депутаттын бул билдирүүлөрү колдонуучулардын даттанууларына таянып жана айрым мамлекеттерде бул препаратка тыйуу салынганынан байланыштуу айтылып жаткан имиш. Соттук териштирүү иши Бишкектин Ленин райондук сотунда 2013-жылдын 22-майына каралган", - деп билдирди топ.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223643

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.