"Залкар Банктын" контролдук акциялар пакети 193 млн сомго бааланды

  06.05.13   15:23
 225

Жакын арада Кыргыз фондулук биржасында (КФБ) "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун 10 пайыз акциясын сатуу келишими ишке ашууга тийиш. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, бул акциялар пакети өлкөнүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна бекитилген. Бул тууралуу "ВБ"га КФБнын директорлор кеңешинин мүчөсү Нурбек Элебаев маалымат берди.

Элебаевдин айтымында, учурда ар бир даанасы 525 сомдон 368 100 акция сатылды. Келишим боюнча сатуучу-Банктарды кайра түзүү жана реструктуризациялоо агенттиги (ДЕБРА) , ал эми сатуучунун брокери "Заман" жабык акционердик коому болду.

Эскерте кетсек, "Залкар Банк" ачык акционердик коому мурдагы президент Курманбек Бакиевдин көзөмөлүндө болгон эң ири "АзияУниверсалБанктын" базасында түзүлгөн. Жаңы банкка лицензия 2010-жылдын 24-декабрында берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223644

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.