Кургак учук оорусу менен ооруган тарбиячы жумушунан бошотулду

  06.05.13   15:20
 306

"Бишкектеги бала бакчалардын биринде иштеген тарбиячы кургак учук оорусу менен ооруганына карабастан ишин уланта берген. Бирок учурда ал жумушунан бошотулган", - деп "ВБ"га бүгүн, 6-майда, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордон билдиришти.

Белгилей кетсек, борбордогу мектепке чейинки мекемелердин биринде оорулу тарбиячынын иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат ушул жылдын март айында бир катар ЖМКларда пайда болгон.

МСЭБнин билдирүүсүнө ылайык, №3 борбордук бакчадагы тарбиячылардын биринде кургак учуктун ачык формасы аныкталган. Андан соң ал жумушунан бошотулган.

"Бейтап менен 52 бала контакт болгон. Кургак учук оорусунун жайылып кетүү фактысын жокко чыгаруу максатында, 51 балага эмдөө жасалган. Бир баланын ата-энеси андан баш тартышкан. Кургак учук оорусу менен жабыркаган балдар аныкталган жок", - деп билдирүүдө жазылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223645

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.