Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнү белгиленди

  06.05.13   15:33
 356

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата мелдеш өткөрүлдү. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаковдун айтымында, бул майрам май айында бир катар мамлекеттерде белгиленет. "Бул айда ар бир мамлекет өзүнө бир күндү тандайт. Ошого ылайык, Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата мелдеш өткөрөт",- деди ал.

Бул мелдешке катышуу үчүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынан жана Орусиядан жеңил атлетчилер келишкен.

Жалпысынан 43 комплект медаль боюнча мелдеш жүргөн. Алар: түрдүү аралыктарга чуркоо, узундукка секирүү, бийиктикке секирүү, диск ыргытуу, чоюн ыргытуу жана башка. Мелдештин катышуучулары эки жаш категориясына: 1998-2000-жылы төрөлгөн жана 1998-жылдан өйдө төрөлгөндөр болуп бөлүнгөн.

Мелдештин жыйынтыгына ылайык, түрдүү аралыкка чуркоо боюнча Валерий Пономарев, Вадим Кривулин, Илья Мухин, Эржан Аскаров, Наиль Деникеев, Илья Тяпкин, Анна Буланова, Юлия Ходыкина, Гулшонай Сатарова жана Ирина Лобода өзгөчөлөнө алышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223647

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.