Жергиликтүү компаниялар Жерүй боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албайт

  06.05.13   15:39
 324

Бүгүн, 6-майда, "ВБ"га берген маегинде Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кайсы юридикалык компания Жерүй алтын кени боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турганын чече электигин билдирди.

Министрдин айтымында, соттук процессти ишке киргизгенден кийин Каржы министрлиги юридикалык компанияны тандайт. Шыкмаматов өкмөт эл аралык же болбосо чет элдик компанияны тандаш керек экенин белгилеп өттү. "Биздикилер ишти коргоп чыга албайт",- деп жүйө келтирди ал.

Министр Юстиция министрлиги өкмөткө фирма тандоо боюнча түшүндүрмө берген кызматтык кат жөнөткөнүн айтты. "Азырынча өкмөт компанияны качан аныктай турганы белгисиз. Кыязы, тендер болот окшойт, өкмөт азырынча чечим кабыл ала элек",- дейт Шыкмаматов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223648

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.