Акыйкатчы:Князевдин өлкөгө киргизбөө мамлекеттин кадыр-баркына таасир берет

  06.05.13   15:57
 230

Акыйкатчы Турсунбек Акун белгилүү россиялык саясат таануучу Александр Князевдин Кыргызстандын аймагына киришине өз пикирин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун басма сөз кызматы маалымдайт.

"Белгилүү болгондой Князев Кыргызстандын жашоочусу, ал эми акыркы учурда Россиянын жарандыгын алып Россия илимдер академиясын Чыгыш таануу институтунда иштеп жатат",- дейт акыйкатчы.

Акыйкатчы Князевдин азыркы Кыргызстандагы жагдайга карата айткандарына дайыма эле макул боло бербегенине карабай, аны өлкөгө киргизбей коюу менен тиешелүү органдар Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 13-беренесин бузганын белгилейт.

"Кыргызстандын бийлигинин мындай чечими анын демократиялык өлкө катары кадыр-баркына олуттуу таасир бериши мүмкүн", - деп эсептейт акыйкатчы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223649

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.