Кытай заводдору Датка – Кеминдин курулушу үчүн жабуулдарды даярдап бүттү

  06.05.13   16:10
 241

Кытай заводдору Датка – Кемин 500 кВ жогорку вольттогу линиялардын курулушу үчүн жабдуу даярдоону аяктап калды. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 6-майда, "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору Медетбек Айткулов маалымдады.

Электр кабелдери, металл конструкциялары жана подстанциялар үчүн жабдууларды алып келиш үчүн "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААКнын кызматкерлери Кытайга барып келишти.

Айткуловдун айтымында, курулуштун масштабдуу иш-чаралары ушул жылдын июнь-июль айларында башталат. Азыр башкы иш аткаруучу- Кытайдын Tebian Electric Apparatus Stock Co. (TBEA) электр курулуш компаниясы базалардын курулушу жана курулуш орундардын даярдоо боюнча талаа жумуштарын аткарып жатат.

Эскерте кетсек, Датка -Кемин электр берүү линияларын жана жогорку вольттуу "Кемин" подстанциясын Шанхай кызматташтык уюмунун линиясы боюнча насыянын эсебинен Кытайдын Экспорт-импорт банкы каржылап жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223650

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.