Экс-министрдин милдетин аткаруучу "Кыргызалтындын" директорлор кеңешине кирди

  06.05.13   16:22
 335

Жаратылыш ресурстары министринин мурдагы милдетин аткаруучу Дүйшөнбек Камчыбеков "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (ААК) директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп шайланды. Директорлор кеңешинин курамын эки адамдан үч адамга чейин көбөйтүү чечими акционердик компаниянын жылдык жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн "Кыргызалтындын" басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында ошондой эле азыркы иштеп жаткан директорлор кеңешинин мүчөлөрү Амангелди Муралиева менен Жыпар Жекшеевдин ыйгарым укуктарын кадрлар резерви калыптанганга чейин узартуу жагы каралды.

Эскерете кетсек, Камчыбеков Жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп бир айдан ашык убакыт - 2010-жылдын 23-апрелинен 28-майына чейин иштеген.

Белгилей кетсек, "Кыргызалтын" ААКнын 100 пайыз акциясы Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223651

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.