"Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Түштүк Кореяга берилген жерлерди кайтарат

  06.05.13   16:31
 283

Түштүк корейлердин "ЦАК" ЖЧКсы тарабынан келишимдин шарттары системалуу бузулуп турушуна байланыштуу, аларга ижарага берилген жерлерди кайра кайтарып алуу чечими кабыл алынган. Мындай билдирүүнү, "Бишкек" эркин экономикалык аймактын директору Орозбек Нусувалиев "ВБ"га болгон интервьюсунда жасаган.

Анын айтымында, түштүк корей компаниясы менен мурунку ВДНХнын территориясында оңдоп түзөө иштери жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок, оңдомок тургай, тескерисинче, мамлекетке чоң зыянын тийгизип жатат. "Мурун гүлдөп жаткан аймакта азыр, үйүлүп таштандылар жатат, комплекстин бир имараты такыр талкаланган", - деп Нусувалиев нааразычылыгын билдирди.

Келишимди кайра карап чыгып, "ЦАК"ЖЧКсынан "Экспоцентрдин" имараты жана 12 гектар жер кайра кайтарып алынган.

Бирок "ВБ"га өздүк маалымат булактардан, түштүк корейлер менен келишимдин кайра каралып чыгышы, Кыргызстанга чоң чыгаша алып келери белгилүү болду. Себеби, келишим түзүлүп жатканда Кыргызстан инвесторлорго коопсуздук кепилдигин берген. Андан тышкары, ЭЭАнын дирекциясы менен түштүк корей компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, жер 99 жылга ижарага берилип, анын ижара акысы алдын ала төлөнгөн.

"Корейлер чындап эле келишимдеги шарттарды аткарбай жатат. Бирок эгер алар эл аралык сотко кайрыла турган болсо, сот ишин оңой эле утуп алышат. Ага жеткирбей эле кандайдыр бир компромиске келген оң", - деди маалымат булак.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223653

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.