Ошто КЭРдин башкы консулдугунун расмий ачылышы болду

  06.05.13   16:44
 278

Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Расмий ачылышка КЭРдин Синьцян-Уйгур автономиялуу округунан жана Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу округунан өкүлдөр келишкен.

Салтанаттуу ачылыштын алкагында КР ТИМинин статс-катчысы Асеин Исаев КЭРдин тышкы иштер министринин орун басары Се Ханшен менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Се Хашен Кыргызстандын түштүк областтары менен Кытайдын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү ниетин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223655

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.