Таласта 83 согуштун ардагери бар

  06.05.13   17:10
 355

Талас шаарынын жеке ишкерлери жергиликтүү бийликтин демилгеси менен согуштун ардагерлерин сыйлоону пландаштырууда. Бул жөнүндө Талас шаарынын 2-вице мэри Жаныбек Исраилов билдирди.

Анын айтымында, 8-майда Канат-Ата ресторанында согуштун катышуучуларына, тылдагыларга, согушка катышып жолдоштору каза болгон жесирлерге сый тамак уюштурулат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагалары, социалдык кызматкерлер менен бирге төшөктөн тура албаган 9 согуш ардагерине белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Кошумчалай кетсек, облус боюнча былтыр 127 ардагер болсо, азыр анын 83ү гана калды. Талас шаарынын өзүндө 18 ардагер бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223656

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.