Бажы кызматы апрелдин планын 160 млн сомга ашыкча аткарды

  06.05.13   17:34
 329

Каржы миинстрлиги 2013-жылдын апрель айына карата бажы төлөмдөрүнөн түшүүчү каржаттын көлөмүн 2 млрд 950 млн сомго бекиткен. Ал эми жалпы чогулган салыктын көлөмү 3 млрд 109 млн 300 миң сомго жеткен, тактап айтканда 159,6 млн сомго көп чогулган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2012-жылдын апрелине салыштырмалуу 703,4 млн сомго өскөн.

2013-жылдын январынан тартып апрелине чейин Бажы кызматы республикалык бюджетке 9 млрд 867,2 млн сом өлчөмүндөгү каражат алып келген. Мындай көрсөткүч 2012-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 501 млн 100 миң сомго көп.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223660

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.