Анвар Юнаев теннис сүйүүчүлөрү арасындагы эл аралык турнирде жеңишке жетти

  06.05.13   17:36
 402

Бишкектик Анвар Юнаев "Тай-брейк" клубунун 25 жылдыгына арналган теннис сүйүүчүлөр арасындагы эл аралык турнирди жеңип алды. Таймаштын башкы калысы Юрий Галушкиндин айтымында, мелдешке Кыргызстандын жана Казакстандан бардыгы болуп 70тей оюнчу катышты.

Мелдеш эки жаш категориясы боюнча өттү – 50 жашка чейин жана 50 жаштан жогору. Эркектер арасындагы мелдеште 50 жашка чейинки категория боюнча Анвар Юнаев казакстандык Рустам Тагноевди финалдык мелдеште жеңип алды. Үчүнчү орунду Рамиль Мистафудинов ээледи.

Ал эми 50 жаштан жогорку жаш категориясы боюнча мелдеште биринчиликти Петр Богданов (Казакстан) ээлесе, экинчи орунду Юрий Галушкин, коло медалды Игорь Чудинов ээледи.

Аялдар арасындагы мелдешти Роза Исабекова утуп алды.

Командалык мелдеште "Байконур-1" командасы "Тай-брейк" жана "Байконур-2" командаларын утуп өзгөчөлөндү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223661

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.