Башкы Айтматов таануучу Гумилев медалы менен сыйланды

  06.05.13   17:54
 221

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин "Лев Гумилев" төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлык ээсинин "ВБ"га билдиришче, сыйлыкты тапшыруу аземи Астанадагы Лев Николаевич Гумилев атындагы Улуттук Евразиялык университетте өткөн. Аны университеттин ректору, профессор Ерлан Сыдыков тапшырган. Акматалиевге бул сыйлык "Түркология жана Айтматов таанууга кошкон жеке салымы үчүн" берилген.

Үстүбүздөгү жылы Казакстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик иш-чаралар өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223662

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.