Москва районунда Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн орусиялык жаран кармалды

  07.05.13   08:17
 257

Кыргызстандын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери, Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Интерполдун кызматкерлери Чүй облусуна караштуу Москва районунда, чет мамлекеттин аймагынан кылмыш кылган жарандын качып жүргөндүгүн аныкташкан.Текшерүү маалында, кармалган Рауф аттуу жаран чындыгында Орусиянын Мухамед Мирзанов аттуу жараны экендиги белгилүү болду. Ал 1959-жылы Казакстандын Караганда облусунда туулган.

Колго түшкөн жаран Белгород облусуна караштуу Губкино шаарынын тургуну болгон. Ал 2009-жылдан бери Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ОФнын кылмыш кодексинин "Ден соолукка оор зыян тийгизүүгө коркунуч жаратуу" беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Алынган маалыматтарга караганда, 2009-жылы Мирзанов бир аялга кол салып, аны тоноп жана зордуктоого аракет кылган.

Ага карата кылмыш иши козголгон. Бирок, Мирзановду тергөө учурунда аны чет жерге чыкпоо боюнча кол тамга алып, кое беришкен. Учурдан пайдаланган кылмышкер белгисиз бойдон дайынын таптырбай кеткен. Мындан кийин Мирзанов 4 жылдан бери Кыргызстанда жашап жүргөндүгү аныкталды.

Учурда ал Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223664

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.