Кыргызстан жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны боюнча 1-орунда турат

  07.05.13   08:18
 264

Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Кырсыкта көбүнчө 15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар каза болууда. Бул тууралуу кечээ, 6-майда болгон маалымат жыйынында, "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2012-жылы республика боюнча жол кырсыгынын натыйжасында 1 054 адам каза болгон. Анын ичинен кырсык көп катталган аймак болуп Чүй облусу эсептелет (296 адам). Түштүктө каза болгон жарандардын жалпы саны 400гө жеткен. Жаракат алган жарандардын саны 8 миңден ашуун. Алардын көпчүлүгү майып болуп калышкан.

"Жайбаракат күндөрү эле көчөлөрдөн жол кырсыгында 2-3 адам каза болууда. Анын 80 пайызына айдоочулар күнөөлүү. Ал эми жол кырсыгында каза болгондордун арасынан жөө жүргүнчүлөрдүн өлүмү 46 пайызды түзөт", - деди Касмамбетова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223665

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.