Кыргыз кызы Вашингтонго Кыргызстанды таанытты

  07.05.13   08:22
 510

Айгүл Абдылдаева Вашингтон университетинде магистратурада окуйт. Буга чейин ал Кыргызстанда ар кайсыл эл аралык жана коомдук уюмдарда иштеп келген.

Айгүл атайын Кыргызстан тууралуу даярдалган стендди келген меймандарга тааныштырды. Анда кыргыздын маданияты, улуттук кийимдери, музыкалык аспаптары чагылдырылган. Ошондой эле ал Кыргызстан жөнүндө фото көргөзмө уюштурду.

Аталган окуу жайда билим алып жатышкан чет өлкөлүк студенттердин аткаруусундагы кыргыздын улуттук бийи көрөрмандардын дүркүрөгөн кол чабуусуна арзыды. Ошондой эле биздин каарман улуттук кийими менен мода көргөзмөсүнө катышты.

"Айгүлдүн фестивалга катышуусу- бул мекенчилдиктин ачык үлгүсү. Биздин ар бир мекендешибиз өлкөбүздү таанытуу үчүн, баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек", - дейт "Кыргыз Клаб" кыргызстандыктардын эл аралык бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Хакимов. Ал өз кезегинде студент кызга фестивалга катышуу үчүн колдоо көрсөткөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223666

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.