Бишкекте тесттин өзбек тилинде өтүшүнө каршы болгон тарап митингге чыгышты

  07.05.13   08:24
 264

КР билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына "Кыргызстан жаштар кеңеши", "Кыргызстан элдик саясий кыймылы" жана "Ала-Тоо жаштары" уюмдарынан беш өкүл митингге чыгышты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу билдирди.

Нааразы болгондор колдоруна "Өзбек тилинде тестирлөө жүргүзүү мыйзамсыз" жана "Министр Сыдыков, кыргыз тилин сатпа" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, өткөн жумада билим берүү министри Канат Сыдыков бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестти өзбек тилинде да тапшыра алат деп билдирген. Анткени аталган тилде тест тапшыра турган каалоочулардын саны 1,5 миллиондон ашкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223667

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.