Бишкектин айрым жерлеринде жана Чүй облусунда электроэнергиясы өчүрүлөт

  07.05.13   08:49
 262

Бүгүн, 7-майда, 9дан 17ге чейин Бишкектеги "Тынчтык", "Кара-Жыгач" жаңы конуштарында, 50 лет Победы, Смоленский, Бах, Серафимович, Атбашы, Уч-Курган жана Патрис Лумумба көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусундагы Ново-Павловка айылынын айрым жерлеринде, Сокулук районунда, Кемин районундагы Кызыл-Байрак, Чым-Коргон, Жыламыш, Жаңы-Жол айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо токтотулат. Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Кара-Балтанын чыгыш тарабы жарыгы жок калышат.

Аламүдүн районундагы Грозный айылында саат 11ден 14кө чейин электрэнергиясы жок болот.

Электрэнергиясынын өчүрүлүшү трансформатордук подстанциялардагы оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жатканына байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223669

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.