Тажикстанда издөөдө жүргөндөр Бишкектен камалды

  07.05.13   09:20
 258

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам тобу Тажикстанда оор кылмыш жасаган деп издөөдө жүргөн эки жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ыкчам издөө иш-чарасы убагында адам өлтүргөн деп шектелип, 2012-жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1991- жана 1977-жылы туулган жарандар колго түштү.

Тартип сакчыларынын айтымында, колго түшкөн жарандар 2012-жылдын август айында Дүйшөмбү шаарындагы ресторандардын биринде эки кишини бычактап, оор жаракат келтирген. Алардын бирөө алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. Укук коргоо органдары качкын кылмышкерлер Бишкектеги батирлердин биринде жашап атканын аныкташкан.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223670

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.