"Фабула": Контрабандачылар кантет эми?

  07.05.13   10:01
 322

Орусиядан Кыргызстанга арзан баада келүүчү күйүүчү майды тажиктерге эки эсе кымбат сатып байып аткан аткезчилердин арам бизнеси ара жолдо калды, деп жазат "Фабула" гезити.

Анткени, Орусия Тажикстанга да күйүүчү майды кошумча бажы төлөмсүз берип, ал жактагы кара майга болгон баа дароо арзандаган.

"Бабанов башбакан болуп турганда орустардан алган арзан майды тажиктерге сатып, түшкө кирбеген акчаны сапырып атат деген айыптар тагылып келген. Депутат Азамат Арапбаевдин дагы бизнеси дал ушул аткезчиликке багытталганы кабарланып, мурдагы жылы 40 тонна кара майды Тажикстангамыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголгон", - дейт "Фабула".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223672

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.