Бишкекте "Мисс Кыргызстан-2013" сынагынын репетициясы башталды

  07.05.13   09:53
 468

Кастингтен иргелип чыккан 24 катышуучу кызуу даярдык көрө башташты. Дагы алты талапкер- селиклердин ушу күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келиши күтүлүүдө.

Сулууларды туура басканды хареограф-коюуучу Даяна Алмазова үйрөтүп жатат.

"Мисс Кыргызстан-2013" сынагынын жеңүүчүсү 28-сентябрда, Индонезияда өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2013" конкурсуна катышат. "Мисс Кыргызстан-2013" долбоорунун менеджери Татьяна Панцарникованын айтымында, экинчи жана үчүнчү орунга илинген кыздар башка дагы эки эл аралык сынакка катышышат. "Сулууларга жакында фотосессия өткөрүлүп, футбол оюнун ойноосу пландалууда. Андан тышкары бир нече социалдык акцияларга катышып, анын биринин алкагында балдар үйүнө да барышат", - деди Татьяна.

"Мисс Кыргызстан-2013" сынагы 12-майда "Золотой дракон" мейманкана комплексинде өтөт. Катышуучулар көрөрмандардын жана калыстардын алдында улуттук, коктейль, жана кечки көйнөктөрү менен чыгышат. Подиумдан басып, көрктүү кийимдерди кийип чыгуудан тышкары катышуучулардын эрудициясы жана тапкычтыгына да көңүл бөлүнөт.

"ВБ" интернет-редакциясы "Мисс Кыргызстан-2013" сынагынын маалыматтык шериги.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223673

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.