Омск областын Кыргызстанга перспективдүү шерик катары сунуш кылышты

  07.05.13   10:20
 250

"Омск областынын соода-өнөр жай палатасы эл аралык ишкер мамилелердин, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелердин өнүгүшүнө активдүү роль ойнойт. Биз Кыргызстанды Россиянын аймактары үчүн көбүрөөк инвестициялык жагымдуу республика катары сунуштайбыз",- деп билдиришти Россия-кыргыз ишкер кеңешинде (РКИК).

РКИК белгиленгендей, Кыргызстан менен Омск областынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча негизги тажрыйба топтолуп калган. Бир нече жыл катары менен аталган областа Кыргызстан тышкы соода боюнча шерик өлкөлөрдүн катарынан орун алып келет. Мунай өндүрүмдөрүнөн тышкары област республикага сүт азыктарын, шина жеткирет, ал эми Кыргызстан негизги жашылча-жемиштин - экспорттоочусу. Ошондой эле анын аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү ишке ашырат- бул жерде кыргыз шериктер менен биргелешкен алты ишкана бар.

Мындан тышкары 2011-жылы 5-апрелде, Бишкекте биринчи кыргыз-россиялык аймактар аралык форумунда бул аймактын губернатору Леонид Полежаев Чүй областынын администрациясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223675

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.