Ошто түркиялык компания жол кире төлөмдөрүн электрондоштурат

  07.05.13   10:23
 266

Ошто түркиялык компания муниципалдык транспортторго болгон төлөмдөрү электрондоштурат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, "ВБ"га Ош шаардык мэриясынын инвесторлорду тартуу жана эл аралык кызматташуу комитетинин башчысы Салкынбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, жабдыктарды сатып алуу жана орнотууга байланыштуу чыгымдарды компания каржылайт.

"Долбоор 5 жылга багытталган. Бул убакыт аралыгында ал өзүн-өзү актайт. Муниципалдык транспорттон түшкөн каражаттын жарымын компания өзүнүн эсебине которуусу пландалууда",- деди Ташбаев.

Түркиялык компания автобустарга жана троллейбустарга валидаторлорду жана турникеттерди орнотот. Ошондой эле муниципалдык жайларда атайын карточкалар сатылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223677

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.