Орусия элчилиги: Батукаев орусиянын жарандыгын 1990-жылдары алса керек

Азиз Батукаев орусиянын жарандагын 1990-жылдары алса керек, себеби, ал ошол убакта өлкө аймагында жашачу.
  07.05.13   10:35
 430

Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко криминалдык авторитеттин орусиянын паспортун алышы боюнча түшүндүрмө берип жатып "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Батукаев Орусияга келгенде бир гана паспорттун бланкасын ала алышы мүмкүн. Анткени ал Орусиянын жараны болуп эсептелет. "Батукаев 1990-жылдары бир канча убакка чейин Орусиянын аймагында жашаган, ошол убакта эле орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерди тапшырып коюшу мүмкүн. Бул жакка келгенде ал кыргыз паспортун алган. Себеби, бул жакта кош жарандык алууга болот. Орусияга кеткенде ал паспорттун бланкасын алса керек",- деди ал.

Эскертсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаев 9-апрелде Нарындагы №4 убактылуу кармоо жайынан кандын рак оорусуна чалдыкты деген корутунду менен бошотулган болчу. Ал ошол эле күнү туугандары менен чартердик каттам аркылуу Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223680

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-11 00:51:13 Цитата / 0 / -

ушунунардан жазбагыла биздин чондор ооруп жаткандар коп эле болсо керек аларды дагы кызыл дорожка менен чыгарып койгула, эми калыстык учун же бир эле Батукаевке тийиштуубу

#1  
2013-05-11 00:53:48 Цитата / 0 / -

Акун уялсан боло уялбай акыйкатчысын ооруп аткан деп уялбай интервью берип какшап башкалаларына да ошонтип какшасан анан калыстык болмок

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.