Теннис: Данияр Дулдаев Казакстандагы Futures турниринин экинчи айлампасына чыкты

  07.05.13   10:33
 297

Кыргыз теннисчиси Данияр Дулдаев, Казакстандын Шымкент шаарында, 6-майда старт алган, Futures сериясындагы эл аралык турниринин экинчи айлампасына чыкты.

Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтынын берген маалымат ылайык, Дулдаев турнирдин негизги сеткасынан старт алып, биринчи беттешүүсүн казакстандык Роман Хасанов менен өткөрдү. Эки сетка катары менен кыргызстандык теннисчи өз атаандашын бирдей 6:4 эсеби менен жеңген.

Жуп разрядындагы оюнун Дулдаев Сярхей Бетау менен казакстандык Роман Хасанов жана Серижан Ессенбеков жуптарына каршы өткөрүшөт.

Турнир Эл аралык теннис федерациясынын карамагында өтүп, 12-майда жыйынтыкталат. Жалпы байге фонду 10миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223681

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.