Москва районунда 415 ардагерден 3 киши гана калды

Москва району боюнча Улу-Ата Мекендик согушка катышкан 415 кишинин учурда үчөөсү гана калган.
  07.05.13   10:44
 332

Кечээ Улуу Ата мекендик согуш майрамына карата Москва районунда Ооган ардагери Данияр Орозалиевди эскерүү максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн мектептериндеги окуучулар арасында волейбол, баскетбол, футбол жана чуркоо боюнча спорттук беттеш болуп өттү. Бул мелдешке Улуу Ата мекендик согуштун жана Ооган коогалаңынын ардагерлери, ЖК депутаты Турусбек Мадылбеков, Москва районунун ардагерлер коомунун төрагасы Николай Юрченко жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ардагерлер коомунун төрагасы Жамал Сазыкулов, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында Ак –Торпок мектеби биринчи орунга, Жарды-Суу мектеби экинчи орунга, Ак-Башат мектеби үчүнчү орунга ээ болуп дипломдорго жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Москва району боюнча Улуу Ата мекендик согушка катышкан 415 кишинин учурда үчөөсү гана калган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223682

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.