2012-жылы жүгүртүүдөгү акча 58,3 млрд сомду түзгөн

  07.05.13   10:41
 206

Өткөн жылы жүгүртүүдөгү акча 58,3 млрд сомду түздү жана отчеттук мезгилде 17,7 пайызга көбөйдү, 2011-жылы көбөйтүү көрсөткүчү 12,8 пайызды түзгөн болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган өкмөтүн отчетунда маалымдалат.

"Ошондой эле өткөн жылы 42 млрд сом насыя берилген, анын жыл башынан берки өсүшү 26,2 пайызга барабар болгон",- деп айтылат отчетто.

Жалпы акча базасынын көлөмү 64,5 млрд сом болду.

Өткөн жылдын башынан бери АКШ долларынын расмий курсу 46,4847 сомдон 47,4012 сомго чейин жогорулап, 2012-жылдын соңунда, тактап айтканда декабрь айында 1,97 пайызга өстү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223683

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.